Акындын 100 жылдык юбилейин утурлап.   Кыргыз барда Мидин бар

25 Окт 2016

 

Мидин  Алыбаев 1917-жылы күз айында Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген.  Мидин жаш кезинде эле ырга шыктуу болуп өсөт. Апасы сууга жумшаса ( 5-6 жашта экен ) “Апам Бегиш, ооруйт белин, Сизде жок беле жумшай турган келин” деген экен. Техникумда окуп жүргөндө жазган ырлары  гезитке  чыгып турду. Педтехникумда окуу, редакцияларда иштөө, ак финдер менен согушуу, элде жүрүү менен  өмүрү өттү.

Мидин акын, ал өчпөс акын!

Мидиндин биринчи ырлар жыйнагы “Бактылуу жаштык” деген ат менен 1937-жылы жарык көргөн. “Ырлар жыйнагы” 1938-жыл, “Ырлар жыйнагы” 1947-жыл, “Жаны ырлар” 1949-жыл. Мидин Пушкиндин сүйүү лирикасын, Маяковскийдин сатиралык ырларын өз табиятына, поэтикалык стихиясына жакындатып которгон. Мидин Алыбаевдин адабий мурасынын жалпы маанисин арттырып, философиялык, бийик эстетикалык көркөм күч берип окурмандар арасында айрыкча кызыгуу туудуруп турган экинчи бир өзгөчөлүк – анын өткүр сатирасы мисалы,  “Ак чүч”,  “Кошоматчы” ж.б, фельетондору “Жейт деген эмне”, “ Көнүл бурунуздар” ж.б, пьесалары “Курорттогу окуя”, “Эки куданын чыры” ж.б, очерктери “Талаадагы тамаша”, “Канал көркү” ж.б.

М.Алыбаевдин “Сон-Көл” деген ырында:

Кош Сон-Көл!  Сен турасын кылым санап

Мелтиреп кадимкидей көктү карап

Кош Сон-Көл! Же келээрмин, же келбесмин

Болжошту айтып кыйын атаганат

Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да

Эскирген сары кагазда ырым калат.

М.Алыбаевдин 60 жылдык юбилейинде өзү окуган Чаек орто мектебине “Мидин Алыбаев атындагы орто мектеп” аты берилди. 70 жылдык юбилейи 1987-жылы 8-октябрда Чаек айылында белгиленип “Мидиндин үй музейи” ачылды. Музейди мен  демилге көтөрүп уюштургам. М.Алыбаевдин 100 жылдык юбилейи 2017-жылы өткөрүлмөкчү.

Айтайын дегеним кыргыздын көрүнүктүү лирик акыны,  куйкум сөздүн чебери, сынчы Мидин агабыздын арбагын сыйлап, анын 100 жылдык юбилейин өткөрүүнү колго алып уюштурууга райондун жетекчилери өзгөчө көнүл бурушат деген каалоону билдирип коюуну эп көрдүм. Жердеш акыныбыздын экинчи таланттуу өмүрү арабызда жашай бермекчи.

 

Ардагер мугалим                                                       Бейшеева Калия.

Материал Жумгал районунун “Демилге” газетасы менен кызматташтыкта чыгарылды

Рубрики: Культура


Отзывов пока нет.

К сожалению, комментарии закрыты.